Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет. - Жкн 13:35
Биз, бир-бирибизди сүйүшүбүз керек экенин билебиз, бирок бул көп учурда кыйын болуп калат. Талкаланган мамилелер жыйындын жашоосун гана бузбастан, башкалардын Ыйса менен таанышуусуна да тоскоол болот.
Бул алты сабак сизге үй-бүлөңүздө жана жыйындын ичинде бири-бириңизди жакшыраак сүйүүгө жардам берет. Алар бул темаларды камтыйт:
- Жакшы Койчуну ээрчүү — бул башкаларды туура жана чын сүйө билүүнүн негизги пайдубалы.
- Жакшы уга билүү — сүйүүңдүн эң чоң далили.
- Өз сезимдериңди түшүнүү жана бөлүшүү — алар бизди башкарбашы үчүн.
- Күнөөнү туура ашкерелеп, оң жолго салуу — бири-бириңерди ыйыктык жолунда колдоо үчүн.
- Чыр-чатактарды туура чечүү — жыйында же үй-бүлөдө чырдын өсүп кетишине жол бербөө үчүн.
- Кайгыны түшүнүү — өзүңүз да туура кайгырып, башкаларга да алардын кайгысында жардам берүү үчүн.
Бул сабактар — жашооңузда колдонуп, кайра-кайра изилдегиңиз келген баалуу сабактар. Сиз бул чындыктарды жашооңузда колдонгонуңузда, бардык адамдар сизди чыныгы Ыйса Машайактын шакирти экениңизди билишет.
Part of collection
Альфа жана Омега
Languages
Categories